• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Медакадемияга медицина жаатындагы финляндиялык адистер келишти

Коом 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына медицина жаатындагы финляндиялык адистер келишти. Бул тууралуу медакадемиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖОЖдун ректору, профессор Индира Кудайбергенова Финляндиянын Түштүк-Батыш универститетинин репродуктивдик саламаттык жана андрология борборунун акушерлик жана гинекология кафедрасынын жетекчиси, профессор Антти Перхентула, финляндиялык “Фертилинетворг” фирмасынын координатору Илка Рейма, андан тышкары КРнын өлкөдөгү ардактуу консулу Суоми Пэтри Нуминенди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки ЖОЖдун жогорку медициналык билим чөйрөсүндөгү мындан аркы кызматташтыгынын маселелери талкууланды.

Финляндиялык коноктор кыргыз кесиптештеринин коштоосунда КММАнын пластинация музейин көрүшүп, Кыргызстандын борборундагы башка медициналык мекемелерге барышты.

Пикир

Оставить комментарий