• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Медакадемиянын мугалимдеринен турган топ аймактык ооруканаларга жөнөп кетишти (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын мугалимдеринен турган топ аймактык ооруканаларга жөнөп кетишкенин аталган академиядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына КММАнын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы А.Жумагулова, медициналык психология, психиатрия жана наркология кафедрасынын ассистенттери Н. Шейитов жана А. Нурали кызы кетишкен.

Ошондой эле Кемин аймактык ооруканасына КММАнын ординаторлору С.Раимбердиева, Б.Сурап уулу жана Э.Кубанычбеков, ал эми Түп аймактык ооруканасына Балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын ассистенти Г.Карамурзаева жана кафедранын ординатору Н.Эсенгулова жөнөп кетишти.

Аны менен катар, академиянын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна гуманитардык жардам катары жеке коргонуучу каражаттарын жиберишкен. Ал жерде академиянын эки мугалими иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий