• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Медакадемиянын мугалими деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте памирлик келиндин төрөтүн кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина Академиясынын мугалими деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан памирлик келиндин төрөтүн кабыл алган. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындан бир нече күн мурун Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргызстандан гуманитардык жардам жеткирилген. Гуманитардык экспедициянын курамындагы аталган окуу жайдын №1 акушердик жана гинекологиялык кафедрасынын мугалими, врач-гинеколог Индира Мырзалиева жергиликтүү Амиш кызы Кыргоол аттуу кош бойлуу келиндин төрөтүн кабыл алган.

"Салмагы 2700 грамм, бою 48 см болгон эркек бала жарык дүйнөгө келген. Энесинин төрөттөн кийинки абалы жакшы. Бишкектик дарыгер баланы эмизүү жана баланы кароо тууралуу айтып берген", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары гуманитардык экспедициянын мүчөлөрү Кичи жана Улуу Памирдин тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда Кыргыз Республикасынын аймагынан балдарына билим берүү маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап бул маселеге жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий