• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Медакадемиянын студенттери COVID-19 жуктуруп алгандарга акысыз жардам көрсөтүүдөбү? Министрликтин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенттери COVID-19 жуктуруп алган жарандарга акысыз жардам көрсөтүп жатат деген маалымат жалган экендигин билдирди.

Соцтармакта эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам Медакадемиянын студенттери коронавируска чалдыккан жарандарга барып, акысыз жардам көрсөтүп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.

“Ал эски маалымат. Учурда студенттер эч жакка чыккан жок”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий