• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Медаль үчүн күрөш – кыргызстандык спортчу дзюдо боюнча биринчиликте акырегин сындырып алды

Спорт 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айбек уулу Кубанычбек дзюдо боюнча жаштар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында акырегин сындырып алды. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Кыргызстандык спортчу 55 кг чейинки салмактык категорияда беттешке чыгып, өз атаандаштарын жеңип, финалга чыккан.

Алгачкы кармашта Австриянын өкүлүн, андан соң казак спортчусу Дамир Болатбековду жеңип алган. ¼ финалда ал жаракат алып, бирок беттешти аягына чыгарган. Натыйжада ал Монголиялык спортчуну жеңип алган.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты Нассау (Багам аралы) шаарында 17-октябрда башталган. Айбек Кубанычбек уулунан сырткары турнирге дзюдочу Эрлан Шеров да катышууда.

Пикир

Оставить комментарий