• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Самат Ибраев Саякбай тасмасы тууралуу: Мен кыргызмын дегендердин бардыгы тасманы көрүп чыгышы керек (видео)

Маданият 0


Бишкек, 06.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. “Саякбай” тасмасында Манас менен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жолугушуусун көрүүгө болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине берген маегинде “Саякбай манасчы” коомдук фондунун президенти Саматбек Ибраев билдирди.

Анын айтымына караганда, тарыхый “Саякбай” тасмасын тартуу үчүн баш аягы болуп эки жылдай убакыт талап кылынган.

Аталган тасманын аткаруучу продюсери Сүйүм Сулайманова, башкы продюсери Саматбек Ибраев, режиссеру Эрнест Абдыжапаров, музыкасы композитор Муратбек Бегалиевге таандык.

Эске сала кетсек, кечээ, 5-сентябрда "Саякбай" тасмасы 41-чи Эл аралык Монреаль кинофестивалында «Мыкты инновациалык тасма» номинациясы боюнча "Алтын Зенит" байгесин утту.

Белгилей кетсек, тасма эртеңден тарта өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий