• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Медетбеков Конституциялык реформа жөнүндө: Элге тандоо мүмкүнчүлүгүн бериш керек

Коом 0

Бишкек, 31.10.20. /Кабар/. Элге башкаруунун кандай формасында жашоону каалай тургандыгын өзү тандап алууга мүмкүнчүлүк берилиши керек. Бул тууралуу коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков бүгүн Конституциялык реформаны талкуулаган тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Ал реформа керек экендигин айтты. «Эгерде биз азыркы Конституцияны кабыл алсак, анда бул элдин көйгөйүн чечет. Башкаруунун кандай формасын каалай тургандыгын эл өзү тандайт», - деди коомдук ишкер.

Тегерек столдо үч маселе талкууланат: Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам, парламенттин легитимдүүлүгү, Садыр Жапаровдун алдыдагы президенттик шайлоого катышуу тууралуу каалоосу жана андай учурда президенттин м.а. жана премьер-министр ким болот.

Иш-чарага белгилүү саясатчы жана эксперттер Феликс Кулов, Турсунбек Акун, Игорь Шестаков, Табылды Акеров, Шамшыбек Медетбеков жана саясий партиялардын лидерлери жана башкалар катышууда.

Эксперттер эмне үчүн конституциялык реформаны жүргүзүү керек, кандай артыкчылык жана тобокелдиктери бар экендигин талкуулашууда.

Пикир

Оставить комментарий