• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Медиа – учурдагы дүйнөнүн тарыхын дароо чагылдырат деп айтылат - президент

Президент 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. Медиа – учурдагы дүйнөнүн тарыхын дароо чагылдырат деп айтылат. Мен кошумчалайт элем: адамдар дүйнөнү сиздердин көз караш менен көрөт, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн медиа форумунун ачылышында.

Президент сиздердин позицияңардан, сиздердин жоопкерчилигиңиздерден ар бир өлкөнүн, биздин мамлекеттер ортосундагы дагы маанай көз каранды, - деди.

"Сиздерге белгилүү болгондой, ШКУ уюмунун башкы милдеттеринин бири – бул өлкөлөр жана элдердин ортосундагы ишеним жана бири-бирин сыйлоо маанайын жаратуу. Бул милдетти ишке ашырууда абдан чоң роль массалык маалымат каражаттарына тиешелүү. ЖМКлар ачык диалог түзүүгө, биздин коомдор ортосунда бири-бирин түшүнүүгө көмөктөшөт. Сөз иш жүзүнө ашуу касиетине ээ. Сөз дайым курч курал болгон: сөз адамды жок кылат жана сөз жаратуучу боло алат. Мен бардыгыңыздарды сиздердин улуу миссияңарды жогору чындык жана чоң жоопкерчилик менен алып барууңуздарды чакырам", - деп билдирди мамлекет башчысы.

Жээнбеков бул жылы Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жаткандыгын эске салды.

"Кыргызстандын төрагалык кылуусунун алкагында биздин өлкөлөрдүн ар кандай деңгээлдеги байланыштары тыгыз болгон. Бул жылы Коргоо министрликтери, тышкы иштер министрлери, маданият министрлери жана ШКУга мүчө мамлекеттердин Коргоо кеңештеринин катчыларынын жыйындары сыяктуу маанилүү саясий иш-чаралар өттү. Иишкерлик чөйрөнүн форуму жана аялдар форуму болуп өттү. Бүгүн биз сиздер менен бул медиафорумду өткөрүп жатабыз. Башкы иш-чара – ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Кеңеши үстүбүздөгү жылдын июнь айында өтөт", - деп билдирди.

Президент кошумчалагандай, Кыргызстан дайым ар кайсы тармактарда, анын ичинде медиа тармагында дагы кызматташууга жана тажрыйба бөлүшүүгө даяр.

"Биз эки тараптуу да, көп тараптуу да форматтарда өз ара аракеттенишүү жана тажрыйба бөлүшүүнү көздөйбүз. Биз Бишкек медиафоруму бүт ШКУ аймагында медиакызматташуунун жаңы доорун ачуусун каалайбыз", - деп баса белгиледи өлкө башчы.

Пикир

Оставить комментарий