• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Медиаэксперт К.Абдымен: “Бардык ЖМКларда тараптардын пикирлери тең салмактуу берилиши керек”

Коом 0

Бишкек, 16-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бардык жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) тараптардын пикирлери тең салмактуу берилиши керек. Бул тууралуу бүгүн медиа коомчулуктардын ачык сүйлөшүүлөрүндө медиаэксперт Кубан Абдымен билдирди.

Анын айтымында, бул жерде көтөрүлүп жана талкууланып жаткан маселелер ар бир ЖМК үчүн маанилүү. “Биз бардыгыбыз өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук жана демократиялык өнүгүүлөрдүн болушуна кызыкдарбыз. Бүгүнкү козголгон маселелер жалпы коомду ойлондурат. Ошондой эле, азыркы тапта ЖМКлар бардык бийлик бутактары жана бүтүн коомчулук үчүн көңүл чордонуна айланды. Коомдо чыңалуу өсүп жатканын байкабаган бир да жаран жок болсо керек. Бардыгы бийликтин үстүнөн көзөмөл болбосо, көзөмөлсүз бийлик келип ЖМКларды басып коюшу мүмкүн деп ойлошот. Мен буга кошулбайм. Дүйнө жүзү боюнча ЖМКлар коомдун бүт бийликти чымыркантып кармап турган бөлүгү болуп саналат. Бирок бийликти көзөмөлгө алып, өнүгүүгө умтулган коомго каршы келген аракеттерди жасоо туура эмес. Биздин жагдай ушундай болуп чыкты”, - деди ал.

Андан соң ал Кыргызстанда журналисттин жүрүм-турумунун Кодексин киргизүүнү сунуштады. Сөз эркиндиги бар болгон бүт дүйнөдө журналисттин Кодекси бар. Өз учурунда бул кодексти киргизүү аракети жасалып, бирок ийгиликтүү болбой калган. Бирок, бүгүнкү күнү бул абдан зарыл. Учурда 2 журналисттер Союзу бар: расмий жана көз карандысыз. Мунун жаман жери жок, анткен менен алар бир багытта өнүккөн жок. Ар бир уюмда журналисттин жүрүм-туруму, этика, маданияты жана кесипкөйлүгүнүн кодекстери камтылган өзүнүн кодекси болушу керек.

“Жаш журналисттердин арасында журналисттин стандарттарын терең түшүнүү жок экендигин көрүп турабыз. Аларда маалыматты сунуштоо түшүнүгү жок жана көбүнесе туура эмес ниеттери барлардын колуна түшүп калышат. Бул кодексте милдеттүү түрдө эки тараптын тең пункттары белгилениши шарт. Пикирлердин тең салмактуулугу жок ЖМКлар бар. Ошондой эле, ар бир жаран мекенчил болушу керек. Ал эми журналисттер нейтралдуу болгондо гана калыс боло алышат”, - деп билдирди К.Абдымен.

Пикир

Оставить комментарий