• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Медиктер ишке жана үйгө чейин транспорт менен камсыздалат – буйрук чыкты

COVID - 19 0


Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери өздөрүнүн кызматкерлерин транспорт менен камсыздоосу керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлерди ташуу маселеси тууралуу буйрук чыкты.

“Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери транспортту ижарага алуу жана маршруттарды иштеп чыгууну камсыздоосу зарыл. Буйрукка ылайык, Улуттук госпиталдын жетекчилиги 8 кичиавтобус жалдады”, деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий