• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Медиктердин айлыгы. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишмердигинин индикаторлору 58,8%ды гана түзөт

Ден соолук 0

Бишкек, 11.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишмердигинин индикаторлорунун аткарылышы 58,8%ды гана түзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы медиктердин айлык акысы 100%, 1-июлдан баптап башка медиктердики 50%, кенже жана техникалык тейлөө персоналдын базалык маянасы 40%га жогорулайт.

“Ошол эле учурда 1-апрелден баштап үй-бүлөлүк дарыгерлерге индикаторлорду аткаргандыгы үчүн кошумча төлөмдөр токтотулду. Кошумча акы төлөө үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишмердигинин натыйжалуулугунун 12 индикаторун киргизүү калкты, өзгөчө аялдарды, жаңы төрөлгөн ымыркайларды жана 5 жашка чейинки балдарды, ошондой эле гипертония жана кант диабети менен ооругандарды медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган. 2020-жылы республика боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишмердигинин индикаторлорун аткаруунун орточо деңгээли мүмкүн болгон 100 пайыздын ичинен 63,6 пайызды гана түздү. Быйыл 58,8%ды көрсөттү”, - дейт ал.

Өскөмбаева белгилегендей, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кошумча төлөм боюнча жүргүзүлгөн талдоо аталган демилге толук кандуу иштеп кетпегендигин көрсөттү.

“Анткени ал кошумча отчёттук формаларды киргизүүнү, саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын өзгөртүүнү, жарандарды персонификациялоону талап кылды. Ага карабастан медициналык кызматкерлерге мыйзамдарда белгиленген бардык кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар сакталат жана жаңы базалык маянадан чегерилет. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк дарыгерлерге Эмгекке катышуу коэффициенти (КТУ) системасы аркылуу кошумча төлөм чегерилиши мүмкүн”, - деп айтат ММК фондунун өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий