• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Медиктердин айлык маянасынын көтөрүлүшүнө 1 млрд 612 млн сом керектелет

Ден соолук 0

Бишкек, 09.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине медиктердин айлык маянасынын көтөрүлүшүнө 1 млрд 612 млн сом керек. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева брифинг учурунда билдирди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1-апрелден баштап үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин эмгек акылары 100 пайызга көтөрүлдү. Ал эми калган медицина кызматкерлери менен маданият кызматкерлеринин эмгек акылары 1-июлдан баштап 50 пайызга көтөрүлөрү белгилүү болгон.

Өскөмбаеванын айтымында, дарыгерлердин айлык маянасы 50%га жогорулатылууда.

“Алсак, 2020-жылдын негизинде орточо айлык маяна бир штаттык бирдикке 8 миң 598 сомду түзсө, 50% көтөрүлгөндөн кийин 12 миң 897 сомду түзөт. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык маянасы 100%га өсүп, орточо айлык маяна 1 штаттык бирдикке 8 миң 598 сомду түзсө, 100% көтөрүлгөндөн кийин 17 миң 197,14 сомду түзөт. Ал эми администравтивдик башкарууда иштеген кызматкерлердин айлык маянасы 9 миң 634 сомду түзсө, 50% көтөрүлгөндөн кийин 14 миң 451,91 сомду түзөт”, - дейт ал.

Клара Өскөмбаева кошумчалагандай, орто даражадагы кызматкерлердин айлык маянасы 7 миң 826 сомду түзсө, 50% көтөрүлгөндөн кийин 11 миң 739,49 сомду түзөт. Кичи даражадагы кызматкерлердин айлык маянасы 6 миң 659 сомду түзсө, 50% көтөрүлгөндөн кийин 9 миң 989 сомду түзөт. Башка кызматкерлердин айлык маянасы 6 миң 659 сомду түзсө, 50% көтөрүлгөндөн кийин 9 миң 989 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий