• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Медиктерге кошумча каражаттарды төлөө үч категорияга бөлүндү – Исмаилова

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Медиктерге кошумча каражаттарды төлөө үч категорияга бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, медиктерге кошумча акы төлөө үчүн акча каражаттары бөлүнгөн. “Кошумча каражаттарды төлөөдө медицина кызматкерлери үч категорияга бөлүндү. Алар - оорунун очогунда иштеген кызматкерлер, график боюнча иштегендер жана тез жардам кызматында иштеген кызматкерлер ”,- деп кошумчалады Исмаилова

“Коронавирус инфекциясы жайылган очоктордо казармалык тартипте иштеген дарыгерлерге күнүнө 2300 сом кошумча төлөнөт, ошондой эле орто медперсоналга 2000 сомдон, ал эми кенже персоналга жана башка медкызматкерлерге 1800 сомдон чегерилет. График боюнча иштеген медицина кызматкерлерине кошумча акча саатына төлөнөт, алардын ичинен дарыгерлер - 100, орто медициналык персоналга – 90 сом, кенже медперсоналга 80 сом каралган. Ал эми үчүнчү категориядагылар тез жардамда иштеген медицина кызматкерлери, алардын ичинен дарыгерлерге 600 сом, орто медперсонал - 500 сом, кенже персоналга 400 сом каралган. Бул категорияга төлөнүүчү суммалар - бир илдет жуктурган адамга карата саналат.

Аида Исмаилова кошумчалагандай, март жана апрель айларындагы медицина кызматкерлерине төлөнүүчү акча каражаттары жогоруда айтылгандай эсептелинди. “Бирок төлөмдөр иш жүзүндө иштеген күндөргө жараша жүргүзүлөт”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий