• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө мыйзам мурда эле керек болчу − Турат Касымбеков

Ден соолук 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Кечээ, 29-июнь күнү президент Сооронбай Жээнбеков “Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду. Ал мыйзам саламаттыкты сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын медициналык кызматкерлерине, анын ичинде өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал киргизилген учурларда кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилөө максатында иштелип чыккан.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Турат Касымбеков жаңы мыйзам тууралуу өз пикири менен бөлүштү.

“Албетте мындай мыйзам керек жана ал мурда эле зарыл болчу. Бирок аны ушундай чукул кырдаалда, коомго дарыгерлердин жардамы керек экенин түшүнгөн учурда кабыл алыш керек беле? Бардык кызматтар колдоого муктаж. Дарыгерлер тууралуу айтсам, мыйзам кечиктирилди деп эсептейм, аны мурда эле кабыл алыш керек болчу. Аны азыр кабыл алганы туура. Дарыгерлер баатырларча иш аткарып жатканын баары түшүнүүдө. Алар ооруп гана калбастан, каза болуп да жатышат. Биз согушта жүрөбүз десек болот – коронавируска каршы согушта”, - деди ал.

Касымбеков дарыгерлердин орду бир гана кыйын кырдаалда эмес, күнүмдүк турмушта да бийик болушу керектигин белгилеп өттү.

“Айрым учурда дарыгерлерге орой мамиле кылып, аларды сабаган учурлар бар. Андай учурлар өтө көп жана андайга жол берилбеши керек. Пандемия коомго өзүнүн саламаттыгына олуттуу мамиле кылып, жоопкерчиликтүү болууга үйрөтөт деп үмүттөнөм. Мыйзам кабыл алынды, эми эң башкысы ал иштеши керек. Азыркы учурда да транспорт, жеке коргонуучу каражаттары менен камсыз кылуу, тамак-аш маселелери көп кыйынчылыктар менен чечилүүдө. Мыйзам керектүү болчу, бирок эң башкысы ал кынтыксыз аткарылышы зарыл”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий