• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Медицина кызматкерлерине 28 маршруттук каттам уюштурулган - Ош шаарынын мэриясы

Аймак 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Медицина кызматкерлерине 28 маршруттук каттам уюштурулган. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, каттамдар күнү-түнү дарыгерлерди ташып жатат. "Ошондой эле медкызматкерлерге жана милицияга 5 автобус уюштурулуп, иштеп жатат. Дарыгерлерге жардам катары шаардык ооруканага 5 тонна ун берилген", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 8-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 270ге жетти.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий