• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Медицина кызматкерлерине август айы үчүн 269,2 млн сом кенемте төлөнөт - ММК фонду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду август айы үчүн 15 миң 785 медицина кызматкерине 269,2 млн сом кенемте төлөп берет. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.

Фонд билдиргендей, медицина кызматкерлеринин саны Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген 146 саламаттык сактоо мекемеси тарабынан берилген арыздарга ылайык түзүлгөн.

Жыл аягына чейин медицина кызматкерлерине кенемте төлөө үчүн республикалык бюджеттен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 540 млн сом жана Саламаттык сактоо министрлигине 100 млн сом бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого тартылган 20 миң 520 медицина кызматкерине июль айы үчүн 417,4 млн сом кенемте төлөнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий