• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Медицина кызматкерлерине июль айы үчүн 430 млн сом кенемте төлөнүп берилген

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Медицина кызматкерлерине июль айы үчүн 430 млн сом кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин каржы башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев билдирди.

Анын айтымында, март айынан бери медицина кызматкерлерине 807,2 млн сом кенемте төлөнүп берилген.

"Анын ичинен март айы үчүн 37,7 млн сом, апрель айында 111,1 млн сом, май айы үчүн 110,1 млн сом, июнда 118,3 млн сом жана июль айы үчүн 430 млн сом төлөнүп берилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий