• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Медицина кызматкерлерине кенемтелери май айына чейин толук төлөнөт – министр

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Медицина кызматкерлерине кенемтелери май айына чейин толук төлөнөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

"Азыркы тапта 6 миң 30 медицина дарыгерге март айы үчүн 34 млн 716 миң сом кенемте төлөндү. Медицина кызматкерлерине кенемтелери май айына чейин толук төлөнөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-апрелге карата коронавирус жуктурган 9 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 665ти түзөт. Алардын ичинен 345 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий