• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Медицина кызматкерлеринин иш-аракетин колдоо үчүн ресурс ишке киргизилди - штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Медицина кызматкерлеринин иш-аракетин колдоо үчүн ресурс ишке киргизилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ресурс каражаты аркылуу медицина кызматкерлери саламаттык сактоо уюмдарын камсыз кылуучу керектүү каражаттарды, жеке коргонуу каражаттарына, медициналык жабдууларга жана дары-дармектерге, ошондой эле Республикалык штабга ишиндеги көйгөйлөрү жана кыйынчылыктары (өткөрмө кагаздары, тамак-аш менен камсыз кылуу, эмгек акысын төлөө ж. б.) боюнча билдирме жөнөтө алышат.

Билдирме берүүчүлөр Республикалык штабда жеке каралуучу билдирмелерди med.tunduk.kg ресурс аркылуу керектүү формада толтурушат. Келип түшкөн билдирмелерди кароонун мөөнөтү жана аларда көрсөтүлгөн маселелерди чечүүнүн тартиби штаб тарабынан аныкталат.

Белгилей кетсек, ресурс Коронавирус менен күрөшүү жана жайылуусун алдын алуу боюнча республикалык штабдын тапшырмасы менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы IT-штабы тарабынан ишке киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий