• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Медицина кызматкерлеринин күнү — сандар жана фактылар

Ден соолук 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде республиканын медициналык уюмдарынын кызматкерлери медицина кызматкерлеринин күнүн белгилешет. Бул тууралуу Статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы калкка медициналык жардамды 185 оорукана уюмдары, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 103 уюм, эки медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар жана 1 057 фельдшердик-акушердик пункттар көрсөтүштү. Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 49 жалпы медициналык практика борбору иштеген, ал эми анын ичинде 543 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеди.

2020-жылы калкка медициналык-санитардык жардамды 14 миңден ашык дарыгерлер жана 35 миңден ашык медайымдар көрсөтүшкөн. Республиканын 10 миң калкына 21 дарыгер жана 53 медайым туура келген.

2020-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган кесиптик адистер болуп, терапевттик (4,0 миң адам) жана хирургиялык (2,4 миң) профиль боюнча, стоматологдор (тиш дарыгери) (1,2 миң), акушер-гинекологдор (1,0 миң) жана педиатрия профилиндеги дарыгерлер (500 дөн ашык адам) болгон.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий