• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, бүгүн, 11-сентябрда Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын 272 медицина кызматкери Ысык-Көлгө жөнөтүлдү.

Алар "Алтын Жай" пансионатында ден соолуктарын калыбына келтиришмекчи.

Пикир

Оставить комментарий