• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-августта 270 кишиден турган медиктердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Алар Бишкек шаарынын, Талас жана Нарын облустарынын саламаттык сактоо уюмдарында COVID-19 илдети менен күрөшүүгө салымын кошкон адистер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, жолдомого ээ болгон саламаттык сактоо тармагынын адистери “Алтын-Жай” жана “Эне-Сай” пансионаттарында бир апта эс алышмакчы.

Саамалык илдеттин очогунда эмгектенген медициналык кызматкерлердин ден соолугун калыбына келтирүү максатында өкмөттүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий