• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Медицина кызматкерлеринин коронавирус жуктуруп алуусунун себеби эмнеде? Үсөнбаевдин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Дарыгерлер ооруган бейтаптар менен тыгыз байланышта иштешет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда 98 медкызматкер коронавирусту жуктуруп алган. "Медицина кызматкерлерине жуккан инфекция боюнча эпидемиологдордун катышуусу менен кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат. COVID-19 инфекциясын жуктуруу деӊгээли – эң жогорку. Дарыгерлер ооруган бейтаптар менен тыгыз байланышта иштешет, ошондуктан алар дагы вирусту жугузуп алууда. Биз алардын коопсуздугу үчүн чараларды көрөбүз. Бүгүнкү күндө чек аралар ачылып, жеке коргонуу каражаттары гуманитардык жардам катары келе баштады. Жүктөр келери менен биз аларды дароо инфекция жуккан бейтаптар дарыланып жаткан уюмдарына жөнөтөбүз", - дейт Үсөнбаев.

15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 449га жетти. Алардын ичинен 98и медицина кызматкер. Коронавирустан 78 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий