• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Медицина тарыхында ВИЧ-инфекциялуу экинчи адам бул оорудан айыгышы мүмкүн

Ден соолук 0

Бишкек, 05.03.19 /Кабар/. Лондондун ВИЧ менен ооруган тургуну дүйнөлүк медицина тарыхында СПИДден айыккан экинчи адам болуп калышы мүмкүн.

«Nature» журналына жарыяланган иликтөөнүн жыйынтыктарына ылайык, бир нече жыл мурда СПИД менен ооруган жарандын денесине иммундук жетишсиздик вирусуна туруштук бере турган иммунитети бар адамдын клеткасы жайгаштырылган. Акыркы текшерүүнүн жыйынтыгында анын организминде вирус табылган эмес.

Эгер кийинки текшерүүлөрдө дагы анын организминде инфекция табылбаса, анда СПИДди айыктыруучу дары иштеп чыгууга болгон үмүттөр акталат.

Адамды ВИЧ-инфекциядан айыктыруу боюнча алгачкы ийгиликтүү тажрыйба 12 жыл мурун жүлүндү трансплантациялоонун натыйжасында ишке ашкан.

Бирок андан кийин бул экспериментти кайра кайталоого мүмкүн болгон эмес, анткени бул бейтап үчүн өтө оор болгон.

Утрехт университетинин окумуштуусу Аннамари Венсинг «New York Times» гезитине берген интервьюсунда СПИДди масштабдуу айыктыруу реалдуу эмес экенин айтып, бирок бул ийгилик окумуштууларга чоң үмүт бере турганын белгилеген.

«Лондондук бейтап» аталган гезитке жазган электрондук катында алгач өзүнүн ВИЧ илдеттен айыгарына ишенбегенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий