• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Медициналык беткаптар кошумча нарк салыгынан бошотулду

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо медициналык беткаптар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим калкты медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Алдыга коюлган милдеттерге жетишүү үчүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 «Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму буга чейин дүйнөдө коронавирустун пандемиясын жарыялаган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун калк үчүн жаңы коронавирус инфекциясынын (2019-nCoV) жайылышына байланыштуу негизги сунуштарынын бири милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий