• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Медициналык беткаптарда курттар жок. Таркатылган видео жалган – Мамдепартамент

Коом 0


Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Медициналык бет каптарда курт сымал жандык табылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирет Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, социалдык тармактарда таратылган видеого байланыштуу бет каптарга текшерүү жүргүзүлгөн.

“Мен бет каптарды макроскопиялык жана микроскопиялык изилдөөлөрдүн негизинде карап чыктым, эч кандай мите курттарды таба алган жокмун, бет каптын ичиндеги эле ичке жипчелерди көрө алдым. Таркатылган видеонун авторуна ичке жипчелер курт сымак кыймылдагандай болуп көрүнсө керек. Бет каптарды кургак жана нымдүү түрүндө да карап чыктык, курт аныкталган жок”,-деди департаменттин дарыгер-лаборанты Гүлмира Жумашова.

Пикир

Оставить комментарий