• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Медициналык беткапты кантип жана качан кийүү керек? – Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу

Ден соолук 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кайсыл убакта медициналык беткапты кийүү керек экендигин түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, оорубаган адамдар коронавируска чалдыккан адамга жардам берип жаткан учурда гана беткап кийиүүсү зарыл. Же болбосо сиз жөтөлүп жана чүчкүрүп жаткан болсонуз беткап кийиңиз.

Маалым болгондой, беткап кийүү менен бирге колду курамында спирти бар каражат менен тазалап менен же самын жууганда гана эффективдүү болоорун унутпаңыз.

Эгер сиз беткап кийип жүргөн болсоңуз аны туура колдонгонду жана бир жолку беткаптарды кайталап кийбөөнү унутпаңыз.

Беткапты кантип кийүү, колдонуу, чечүү жана аны жок кылуу керек?

1.Беткапты кийээрдин астында колду курамында спирти бар каражат менен тазалап же самын менен жууш керек.

2.Беткапты оозду жана мурунду толук жапкандай кылып кийүү зарыл.

3.Беткапты кийип жүргөндө аны кармабагаңыз. Эгер аны кармаган болсоңуз колуңузду самындап жууп же болбосо курамында спирти бар каражат менен тазалаңыз.

4 Беткап нымдалашып баштаганда аны башкасына алмаштырыңыз. Бир жолку беткапты кайталап кийбеңиз.

5.Беткапты чечүү үчүн: Беткапты артындагы тасмасынан кармап чечиңиз (беткаптын алды жагына колуңузду тийгизбей): дароо аны үстү жабылган таштанды челекке таштаңыз; колуңузду курамында спирти бар каражат менен тазалап же самын менен жууңуз.

Пикир

Оставить комментарий