• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Медициналык экспертизадан баш тарткан айдоочулар үчүн айыпты 17,5 миң сомго чейин жогорулатуу пландалууда

Өкмөт 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Медициналык экспертизадан баш тарткан айдоочулар үчүн айыпты 17,5 миңге чейин жогорулатуу пландалган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жениш Разаков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында кабарлады.

Анын айтуусунда, мас абалда унааны башкаруу үчүн жаңы мыйзам боюнча 17,5 миң сом, ал эми медициналык экспертизадан баш тарткандар үчүн 5,5 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

“Эгер айдоочу мас болсо ал 17,5 миң сом төлөгүчө, медициналык текшерүүдөн баш тартып, 5,5 миң сом өлчөмүндө айып төлөп кетип калышы ага пайдалуу. Ошол себептен, медициналык текшерүүдөн баш тарткандардын айыбын мас абалда унаа башкаргандар менен бир деңгээлде болуусу пландалган”, - деп билдирет Разаков.

Пикир

Оставить комментарий