• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Медициналык калдыктар кантип жок кылынат?

Коом 0


Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. "ЭкоКомплекс" ЖЧКсынын директору Нурлан Жумалиев медициналык калдыктар кантип жок кылынары тууралуу айтып берди.

"Бүгүнкү күнү биздин компания бардык медициналык калдыктарды - "А" классынан баштап "Б" классына чейин - жок кылуу менен алектенген жалгыз компания. Учурда биз менен Бишкек шаарындагы обсервациялар, күндүзгү жана түнкү стационарлар, поликлиникалар иштешет", - дейт ал.

Анын айтымында, алардын унаасы "Семетей" госпиталына (мурдагы "Ганси" аскер базасы) күнүнө эки ирет келип, үч кубдан ашык калдыктарды алып кетет. Алардын кызматкерлери бардык санитардык талаптарга ылайык беткап, колкап, коргоочу көз айнек жана костюм кийим иштешет.

Медициналык калдыктарды алып кетүүнүн графиги бар.

Калдыктарды жок кылуу процесси:

- Термикалык, химиялык деструкция жүрөт - бардык калдыктардын бузулушу;
- Калдыктар мешке салынат. Мештин ичиндеги температура жогорулаганда химиялык процесс жүрөт. Бардык калдыктар бузулуп, жок боло баштайт.
- 5-6 сааттын ичинде медициналык калдыктар жок болот.

"Күн сайын 10 тонна калдыкты жок кылууга чамабыз жетет. Борбор калаадагы стационар, ооруканалардан жана "Семетей" госпиталынан 3-4 тоннага жакын калдык чыгат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий