• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптардын гемодиализ кызматы үчүн 309,2 млн. сом төлөп берген

Ден соолук 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. 2018-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптардын гемодиализ кызматтары үчүн 309,2 млн. сом төлөп берген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында сөзсүз аталган фонддун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, бул сумма 2017-жылы 189,2 млн. сомду түзгөн.

“2016-жылдан тарта Милдеттүүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан гемодиализ менен дарылоодогу жеңилдик программасын каржылап башталган. 2018-жылы мекеме 14 жеке медициналык борборлор менен келишим түзүп, программа боюнча 764 бейтап гемодиализ алган (2017-жылы – 489, 2016-жылы – 159). Жылдан-жылга бул оору менен жабыркаган бейтаптардын саны өсүүдө. Мындай ооруларга чалдыгууну төмөндөтүү максатында алдын ала иш-чараларын көп өткөрүү керек”, - деди Боронбаева.

Пикир

Оставить комментарий