• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Медициналык камсыздандыруу фонду кайсы жарандар тишин акысыз дарылата аларын айтты

Коом 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) "Стоматология" автоматташтырылган системасын киргизүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Фонддун медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпаргүл Азизбекова билдирди.

Анын айтымында, жаңы каржылоо механизми калктын жеңилдик алган категориясына, 70 жашка чейинки пенсионерлерге, 10 жашка чейинки балдарга, кош бойлуулугу боюнча каттоодо турган аялдарга кеңири таралган стоматологиялык оорулар боюнча стоматологиялык кызматтарды акысыз алууга мүмкүндүк берет.

"Алар: тиштин кариеси (анын ичинде дентиндин, эмалдын кариеси) жана пульпанын жана периапикалдык ткандардын оорулары (пульпит, пульпанын некрозу ж.б.) – бардыгы 17 нозология. Калктын камсыздандырылган категориясы жогоруда аталган оорулар боюнча кайрылган учурда стоматологиялык кызматтарды баалардын прейскуранты боюнча 50% жеңилдик менен алышат", - дейт ал.

Ал белгилегендей, "Стоматология" системасы бейтаптарды каттоо процессин жеңилдетүүгө, калктын категориясына жараша стоматологиялык кызматтар жөнүндө маалыматтар базасын түзүүгө мүмкүндүк берет, жумуш процессин автоматташтырат.

"Мындан тышкары, система киши башына каржылоодон көрсөтүлгөн стоматологиялык кызматтар үчүн каржылоого өтүүнү ишке ашырат, дарыгерлерге электрондук формада бейтаптардын каттоосун тариздөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле система автоматтык түрдө көрсөтүлгөн стоматологиялык кызматтар боюнча отчеттук-эсепке алуу маалыматтарын түзөт", - деди ал.

2019-жылдын октябрь айынан тарта ал система Бишкектин № 2, 3, 4, 5 жана 6 стоматологиялык бейтапканасында, 1-декабрдан тарта сыноо иретинде Ош шаарынын 3 бейтапканасында киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий