• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Медициналык кызматкерлерден турган кезектеги топ Ысык-Көлгө реабилитациялык эс алууга кетти

Ден соолук 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын очокторунда иштеп, COVID-19 жана пневмония менен ооруп чыккан медицина кызматкерлеринин ден соолугун калыбына келтирүү жана реабилитацияны уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-августта Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын коронавирустук инфекция менен көрүшүүгө тартылган кезектеги 48 медициналык кызматкерлеринен турган топ Ысык-Көл облусундагы “Эне-Сай” (мурунку “Дилорам”) пансионатына эс алып, ден соолугун калыбына келтирүү үчүн жөнөтүлдү.

Бул ирет Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун, борбор калаадагы №1 Шаардык клиникалык оорукананын, Биринчи Май жана Ленин районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Улуттук хирургия борборунун кызматкерлери 7 күндүк эс алууга кетишти.

Эске салсак, бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын президенти С.Жээнбековдун медицина тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуусунан кийинки иш-чаралардын планына ылайык, өкмөт тарабынан уюштурулууда жана ал өлкөнүн бардык регионундагы коронавирус илдети менен күрөшүүгө тартылган бардык медицина кызматкерлерин камтымакчы.

Пикир

Оставить комментарий