• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Медициналык кызматкерлерге апрель айында төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөр боюнча маалымат

COVID - 19 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Республикалык штаб медициналык кызматкерлерге апрель айында төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөр боюнча маалымат берди.

"Бүгүнкү күнгө Саламаттык сактоо министрлигинин жана КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмунун депозиттик эсебине 2020-жылдын апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө максатында 105 млн 400 миӊ сом каражаты которулду", - деп айтылат маалыматта.

Штабдан билдиришкендей, коронавирустан каза болгон саламаттык сактоо уюмунун медицина кызматкери Ж.А. Кокумбаеванын үй-бүлөсүнө 1 млн сом кенемте берилген.

Пикир

Оставить комментарий