• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Медкызматкерлердин коронавирус жуктурушунун себебин атайын комиссия иликтейт - Абдикаримов

COVID - 19 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Медицина кызматкерлеринин коронавирустук инфекцияны жуктуруп алууларынын себебин атайын комиссия иликтейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, кечээ 7 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алган. "Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 19га жетти. Азыркы учурда медицина кызматкерлери ооруканаларга жаткырылган, абалдары канааттандырарлык. Тактап айта кетсек, бул адамдарда клиникалык белгилер жок, бирок оорунун козгогучу бар. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, вируска каршы дарыларды алып жатышат”,- дейт ал.

“Биз эпидемиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдөбүз. Ооруган адамдар менен иш алып барган дарыгерлер жана медкызматкерлердин бардыгы эле бирдей костюмдарды кийишет. Бардыгынын сапаттары бирдей. Балким бул жерде себеп башкада, алар өздөрү коопсуздук чараларынын эрежесин толук сактаган эмес чыгар. Атайын комиссия бул маселелерди иликтөөдө”, - деди министр.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирус жуктургандардын саны 228 адамды түзсө, алардын 19у медицина кызматкерлери.

Пикир

Оставить комментарий