• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Медицина кызматкерлерине август айы үчүн кенемте төлөнө баштады

Ден соолук 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. ММК фонду республиканын медициналык кызматкерлерине 2020-жылдын август айына карата компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзө баштады.

ММК фондунун маалыматына караганда, Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген 15 миң 785 медициналык кызматкер үчүн төлөмдөрдүн жалпы суммасы 269 млн 200 миң сомду түздү.

Анын ичинен;

- Бишкек шаары боюнча - 63 млн 374 200 сом;

- Чүй облусу боюнча - 29 млн 874 500 сом;

- Ош облусу боюнчаа - 62 млн 550 700 сом;

- Баткен облусу боюнча - 19 млн 686 700 сом;

- Жалал-Абад облусу боюнча - 37 млн 272 900 сом;

- Ысык-Көл облусу боюнча - 29 млн 710 900 сом;

- Нарын облусу боюнча - 15 млн 605 100 сом;

- Талас облусу боюнча - 10 млн 814 400 сом.

Эске сала кетсек, КР өкмөтү коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө тартылган медицина кызматкерлерине 2020-жылдын аягына чейин компенсация төлөө максатында республикалык бюджеттен кошумча 640 млн сом (ММК фондуна - 540 млн сом, Саламаттык сактоо министрлиги 100 млн сом) бөлүп берген.

Пикир

Оставить комментарий