• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Медкызматкерлерге өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Медицина кызматкерлерине өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-январда ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү алдын алуу жана авриялык куткаруу иштери бөлүмүнүн офицерлери тарабынан шаардагы медициналык мекемелердин менчигинин түрүнө карабастан, медицина кызматкерлерине өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча сабактар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө медициналык мекемелердин кызматкерлерине электр жабдыктарын, газ баллондорду колдонуудагы өрт коопсуздугун ошондой эле алгачкы өрт өчүрүү шаймандарынын оң абалда болуусу тууралуу нускамалар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий