• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Медведев Абылгазиев РФ менен мамилелерди өнүктүрүүнү улантарына ишенет

Коом 0

Бишкек, 21.04.18 /Кабар/. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдиргендей куттуктоодо төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич,

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм.

Россияны жана Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер байланыштырып турат. Мындан аркы соода-экономикалык өз-ара аракеттер, өнөр жай жана энергетикадагы ири долбоорлорду ишке ашыруу, Евразия экономикалык бирлик алкагындагы интеграцияны тереңдетүү – биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук түрдө жооп берет деп ишенем.

Мухаммедкалый Дүйшекеевич, Сизге чын ден соолук, бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм», - деп белгиленет катта.

Пикир

Оставить комментарий