• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Медведев Абылгазиевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Достук, өнөктөштүк жана биримдик принциптерине негизделген россия-кыргыз мамилелери бир катар багыттар боюнча өнүгүүдө. Эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык чыңдалууда. Энергетика, өнөр-жай, илим жана маданият тармагында биргелешкен долборлор ишке ашырылууда. Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы интеграциялык өз-ара аракеттешүү терендетилүүдө.

Практикалык кооперацияны мындан ары карай кеңейтүү, ар кыл багыттардагы жаңы өз-ара пайдалуу демилгелерди алга карай жылдыруу эки өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына дал келет деп ишенем», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге чың ден-соолук, жоопкерчиликтүү ишиндеги ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын жалпы жарандарына бакубаттуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий