• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Медведев Абылгазиевди футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышына чакырды

Спорт 0

Душанбе, 01.06.18. /Кабар/. Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев КР өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевди Москвада 14-июлда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышына чакырды.

Медведев Душанбеде өтүп жаткан Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Абылгазиевди ДЧ-2018 ачылышына катышууга чакырды.

Дүйнө чемпионаты – 2018 14-июндан 15-июлга чейин Россиянын он бир шаарында өтөт: Москва, Санкт-Петербург, Калининград, Нижний Новгород, Казань, Самара, Саранск, Волгоград, Ростов-на-Дону, Сочи жана Екатеринбург.

Пикир

Оставить комментарий