• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Медведев: Россияга соода согушу жарыяланды

Дүйнө 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. Россия премьер-министри Дмитрий Медведев АКШ жаңы санкцияларды киргизгенден кийин Кремль америкалык администрация менен мамилени жакшыртуу боюнча үмүтүн үзгөнүн билдирди.

“Россияга толугу менен соода согушу жарыяланды”,– деди Медведев. Ал санкциялык режим он жылдап сакталарын билдирди. АКШ президенти санкцияны Конгресстин макулдугусуз жокко чыгара албагандыктан, Москва менен Вашингтондун мамилеси курч болорун айтты.

Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын жаңы санкциялары “де-факто эч нерсени өзгөртпөйт” деп айткан.

2-августта АКШ президенти Дональд Трамп Россияга карата жаңы санцияларды киргизген. Тиешелүү мыйзам долбоорун АКШ Сенаты жактырган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий