• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Медведев телефон аркылуу Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Дмитрий Медведев мамлекет башчысын 60 жылдык мааракеси менен куттуктады жана жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Мындан тышкары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана интеграциялык биримдиктердин алкагында мындан аркы экономикалык аракеттенишүүсү талкууланды.

Буга чейин Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев туулган күнүнө байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековго куттуктоо телеграммасын жолдогон.

Пикир

Оставить комментарий