• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мээдеги керексиз маалыматтан кантип арылса болот? Кеңеш

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Уйку мээдеги керексиз маалыматтан арылууга жардам берет. Бул тууралуу дарыгер Александр Мясников билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Мясниковдун айтымында, буга чейинки изилдөөлөр жана эксперименттерде жетиштүү деңгээлде уктабоо менен ар кандай оорулардын байланышы бар экендиги аныкталган.

“Изилдөөгө өз эрки менен катышкандардын айрымдарынын уйкусун кандырбай, калгандарын жетиштүү деңгээлде уктаткан. Жыйынтыгында биринчи топтогулардын мээлеринде көйгөй жаралган”, - дейт ал.

Ал эми Лос-Анджелестеги Калифорния университетиндеги нейробиологдор өнөкөт уйкусуздук ой жүгүртүү, эс тутумдун начарлашы, диабет, ашыкча салмакка алып келерин айтып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий