• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.10.20. /Кабар/. Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Ала-Тоо аянтындагы окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси ("Массалык башаламандык") менен кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"5-октябрдан 6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан Мээрбек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалды. Азыркы учурда алар ИИМдин Тергөө кызматында", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий