• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатын жеңиш менен баштады

Спорт 0


Бишкек, 24.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мээрим Жуманазарова Бишкектеги 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатын жеңиш менен баштады.

Жуманазарова 68 кг салмакта алгач индиялык Аржу аттуу кыз менен күрөшүп, өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүү менен 11:1 эсебинде жеңишти илип кетти.

Жуманазарова алдыда өзбекстандык Озода Есбергенова жана казакстандык Альбина Каиргельдинова менен күчүн сынайт.

Кыз-келиндер арасындагы мелдештин баары айланма түрүндө болот, башкача айтканда, спортчу ар бир атаандашы менен күрөшүп чыгат. Жыйынтыгында ким атаандаштарын жеңип, көп упай топтогон болсо жеңиш ага ыйгарылат.

Эскерте кетсек, Бишкектин Bishkek Arena муз аянтчасында күрөштүн үч түрүнөн 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Ал эми 22-июнда U-17 Азия чемпионатынын бардык таймаштары жыйынтыкталып, кыргыз балбандары жалпы 13 медаль жеңди.

U-23 Азия чемпионаты кечээ, 23-июнда башталып, 26-июнга чейин уланат.

U-17 жана U-23 Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 60 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий