• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мээрим Жуманазарова 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 24.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мээрим Жуманазарова Бишкектеги 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль багындырды.

Жуманазарова 68 кг салмакта бардык үч атаандашын тең утуп алды. Алгач индиялык Аржу аттуу кыз менен күрөшүп, өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүү менен 11:1 эсебинде жеңишти илип кетти. Экинчи кармашта өзбекстандык Озода Есбергенова менен кез келди. Жуманазарова күрөш башталгандан бери атаандашынын бутуна өтүп жатып, 10:0 эсебинде артта калтырды.

Ал эми акыркы кармашта казакстандык Альбина Каиргельдинованы 10:0 эсебинде утуп, алтын байгени камсыздады.

Кыз-келиндер арасындагы мелдештин баары айланма түрүндө болот, башкача айтканда, спортчу ар бир атаандашы менен күрөшүп чыгат. Жыйынтыгында ким атаандаштарын жеңип, көп упай топтогон болсо жеңиш ага ыйгарылат.

Эскерте кетсек, Бишкектин Bishkek Arena муз аянтчасында күрөштүн үч түрүнөн 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Ал эми 22-июнда U-17 Азия чемпионатынын бардык таймаштары жыйынтыкталып, кыргыз балбандары жалпы 13 медаль жеңди.

U-23 Азия чемпионаты кечээ, 23-июнда башталып, 26-июнга чейин уланат.

U-17 жана U-23 Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 60 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий