• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мээрим Жуманазарова Франциядагы эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 04.02.2019. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Франциянын Ницца шаарында болуп өткөн эркин күрөш боюнча Grand Prix de France Henri Deglane эл аралык мелдешинде алтын медаль тагынды.

Мээрим Жуманазарова күч сынашкан 76 килограмм салмак ченинде Кыргызстандын атынан башка балбан кыз Айпери Медет кызы да күрөшкөн.

Жыйынтыгында Кыргызстандан барган эки балбан финалга чыгып, Айпери Медет кызы күмүш медалга татыган.

Ошондой эле 57 килограмм салмак ченинде кыргызстандык Нураида Анаркулова экинчи орунду алса, ушул эле салмакта Айбике Артыкали кызы үчүнчү болду.

Андан тышкары ушул эле мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күрөшүп, алтын медаль утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий