• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Азия чемпионатында “коло” утту

Спорт 0


Бишкек, 02.03.18. /Кабар/. Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында “коло” медаль утту.

Үчүнчү орунга болгон кармашта ал Индиялык атаандашы Д.Какранды 12:6 эсебинде уткан.

Дагы бир “коло” медалды ушул эле салмактык категория боюнча Казакстандан келген спортчу багындырган.

Кытайдан келген спортчу Ф.Чжоу (68 кг чейин) Монголиялык спортчуну жеңип, Азия чемпиону болду.

Эске сала кетсек, Азия чемпионаты 27-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында башталган, 4-мартта жыйынтыкталат. Анда Азиянын 38 өлкөсүнөн келген спортчулар катышууда.

Бүгүн, 2-мартта эркин күрөш боюнча спортчулар мелдешет.

Пикир

Оставить комментарий