• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Азия чемпионатынын коло медалын жеңип алды

Спорт 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова (68 кг) күрөш боюнча Азия чемпионатынын коло медалын жеңип алды.

3-орун үчүн мелдеште Жуманазарова казакстандык Ирина Казюлинаны 10:0 эсеби менен утуп алды.

Эске салсак, Азия чемпионаты ушул күндөрү Кытайдын Сиань шаарында өтүп жатат.

Дагы бир балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта турнирдин финалына чыкты.

Пикир

Оставить комментарий