• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогунун финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 16.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун финалына чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Кыргызстандык спортчу 68 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Жуманазарова алгачкы кармашуусунда белорусиялык Ханна Садчанканы 4:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Жуманазарова украиналык Алина Стадник менен кармашкан. Беттеш 6:6 эсебинде аяктап, акыркы упайды Жуманазарова алгандыгы үчүн финалга чыккан.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утса, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынды.

Ал эми Калы Сулайманов 63 кг салмакта, Руслан Царев 72 кг салмакта коло медалдын ээси болушкан.

Пикир

Оставить комментарий