• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө биринчилигинде күмүш утту

Спорт 0

Бишкек, 16.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Эстонияда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө биринчилигинде күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш федерациясынын расмий сайтында жарыяланды.

Биринчилик 12-августта Эстониянын Таллини шаарында башталган.

Жуманазарова 68 кг чейинки салмак ченинде беттешкен. Килем үстүндө 5 беттеш өткөрүп, анын үчөөсүн жеңген. Жарым финалда АКШдан келген Джейден Лэй Лауренди (Jayden Leigh Laurent) 11:1 эсебинде утуп алган.

Финалдык беттеште Япониядан келген Нарухи Мацуюкиге (Naruha Matsuyuki) 4:2 эсебинде жеңилип, күмүш байгенин ээси болгон.

Пикир

Оставить комментарий